Биз менен байланышыңыз

Пара талап кылуу фактысы боюнча Талас шаардык милициясынын тергөөчүсү кармалды

Кыска кабар | 19 Сен 2024 | 90 | 0

Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты  Б.Б.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Тергөөчү 17-сентябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Ч.Р.Ж.га карата кылмыш ишин козгоону токтоткондугу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен кармалды.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM