Биз менен байланышыңыз

Доллар кымбаттоодо. Валюталар курсу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 Сен 2024 | 512 | 0

Бүгүн, 17-сентябрда таңкы саат 09:00гө карата акча алмаштыруу жайларда жана Улуттук банктын маалыматтары боюнча, доллардын, евронун расмий курсу жогорулаганы байкалды, теңге менен рубль бир аз төмөндөдү.

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда долларды орто эсеп менен 84,32 сомдон сатып алып, 84,79 сомдон сатышууда.

Улуттук банктын расмий курсу 84,6688 сомду түздү (өсүү 0,14 пайыз).

Евро сомго карата кымбаттаганы байкалды. Бүгүнкү күндө бир евро орто эсеп менен 93,14 сомдон сатып алынып, 94,1 сомдон сатылууда. Расмий курс боюнча 94,1729 сом (0,42 пайызга өстү).

Акыркы суткада орус рубли арзандады. Учурда 0,915 сомдон сатып алынып, 0,942 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын курсу боюнча бир рубль 0,9315 сом деп белгиленген (төмөндөө – 0,45 пайыз).

Казак теңгесинин курсу төмөндөп, 0,1214 сомдон сатылып алынып, 0,1909 сомдон сатылууда. Расмий курс – 0,1761 сом (төмөндөө – 0,23 пайыз).

Copyright © 2017 Maral FM