Биз менен байланышыңыз

Президент STEM олимпиадасынын жана күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык берди

Кыска кабар | 16 Сен 2024 | 85 | 0

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген жаштар менен жолугушту.

Жолугушууга окуучулардын мугалимдери да катышты.

Садыр Жапаров жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап жатып, соңку жылдары мамлекет өлкө желегин чет жерде желбиретүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатканын айтты. Мамлекеттин колдоосуна жараша мекенчил жаштар да күтүлгөн натыйжаларга жетип жатканын белгиледи.

2024-жыл өлкө үчүн өзгөчө жыл болгонун, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу окуучулар илим, технология, инженерия жана математика багытындагы эл аралык олимпиадаларда математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча медалдарды жеңишкенин белгиледи.

STEM багытындагы билимин арттырып, кесипкөй адис болуп чыга турган жаштарга үмүт артарын айтты.

«Силердин жетишкендиктериңер жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык. Араңардан Илон Маск, Тим Бернерс, Жеймс Уотсон, Марк Цукерберг сыяктуу атактуу инсандар чыгаарына ишенебиз. Ар бириңиздердин алган билимиңер, чоң-чоң долбоорлорго катышууга болгон умтулууңар Кыргызстандын жаркын келечегине жол ачат. Силердин ийгиликтериңер башка окуучуларга чоң стимул жана мотивация берет, алардын эл аралык аренада ийгиликке жетүүсү үчүн мыкты үлгү болот», — деди президент.

STEM предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда медалдарга ээ болгон окуучуларга жана алардын мугалимдерине, Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортчулар жана алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттар тапшырылды:

Окуучулар:

  1. Назар Киргизбаевге — 300 000 сом;
  2. Ян Бобруска – 200 000 сом;
  3. Эльдар Искандеровго — 200 000 сом;
  4. Искен Кенжебаевге — 200 000 сом;
  5. Алихан Айдарбековго — 200 000 сом;
  6. Байтөрө Майрамбековго – 100 000 сом;
  7. Бектур Бараталиге — 100 000 сом;
  8. Иван Решетниковго — 100 000 сом;
  9. Дмитрий Рубанга — 100 000 сом;
  10. Нурсултан Увалиевге — 100 000 сом;
  11. Байзак Карыпжановго — 100 000 сом.

Мугалимдер:

  1. Махамадхан Ишматовго — 300 000 сом;
  2. Азамат Аскаровго — 200 000 сом;
  3. Медербек Осмоновго — 200 000 сом;
  4. Кылычбек Урайымовго — 200 000 сом;
  5. Дүйшөн Сатыбалдыевге — 100 000 сом;
  6. Азамат Исламбековго — 100 000 сом;
  7. Асхатбек Темиркуловго — 100 000 сом;
  8. Эльбрус Тажибаевге — 100 000 сом.

Спортчулар:

1) Асан Жанышовго — 600 000 сом;

2) Самаган Ормоновго — 200 000 сом;

Машыктыруучулар:

  1. Рыскулбек Эгеевге — 150 000 сом;
  2. Шадыбек Сулаймановго — 100 000 сом;
  3. Ташболот уулу Нуржигитке — 100 000 сом.

Copyright © 2017 Maral FM