Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи көрүүчүлөрсүз өтөт

Кыска кабар , Спорт | 13 Сен 2024 | 529 | 0

Бүгүн, 13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи көрүүчүлөрсүз өтөт. Уюштуруучулар ушул жылдын жаз айларында оюндарга бөлүнгөн бюджет кыскартылгандыгына байланыштуу көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи оюн-зооксуз, протокол форматында өтө турганын, жабылыш аземине катышуучулар гана киргизилерин билдирди. Ал эми көрүүнү каалагандар телеканалдардан түз эфирде көрсө болору айтылды.

V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө медалдык эсептер боюнча Кыргызстан 16 алтын, 17 күмүш жана 20 коло, жалпы 53 медаль менен Казакстандан кийин экинчи орунда келе жатат. Ошондой эле үчүнчү орунда Өзбекстан жана төртүнчү орунда Орусия.

Эске салсак, Астанада өтүп жаткан V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпысынан спорттун 21 түрү боюнча 89 өлкөдөн 2500дөй спортчулар катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM