Биз менен байланышыңыз

Доллар бираз кымбаттады. Валюта курсу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Сен 2024 | 231 | 0

Бүгүн, 12-сентябрда таңкы саат 09:00гө карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар долларды орточо эсеп менен 84,3 сомдон сатып алып, 84,7 сомдон сатууда.

Улуттук банктын рамсий курсу 84,2 сом деп белгиленген.

Евронун курсу кыргыз сомуна карата бираз кымбаттаганы байкалды. Бүгүнкү күндө орто эсеп менен 92,55 сомдон сатылып алынып, 93,18 сомдон сатылууда. Расмий курс 92,94 сомду түздү (өсүү 0,04 пайыз).

Бир орус рубли 0,914 сомдон сатып алынып, 0,946 сомдон сатыууда. Улуттук банктын расмий курсу 0,9227 сомду түздү. Төмөндөө 0,54 пайыз болду.

Казак теңгесинин курсу 0,1215 сомдон сатылып алынып, 0,1909 сомдон сатылууда. Расмий курс 0,1763 сом.

Улуттук банк 5-сентябрда интервенция жүргүзүп валюта базарынан 22,5 миллион доллар сатып алган. Ага чейин 26-июлда валюта базарынан 48,1 миллион доллар сатып алынган. Ал эми август айында эки жолу доллар саткан.

2024-жылдын башынан бери 17 жолу валюталык интервенция жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM