Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш жолунда Ала-Арча дарыясына көпүрө курулууда

Кыска кабар | 11 Сен 2024 | 147 | 0

Чүй облусунда Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунда Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоорго ылайык, көпүрөнүн узундугу 23 м, туурасы 13 метр болот.

Бүгүнкү күндө көпүрөнүн пайдубалын казуу иштери аяктады. Көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн бири толук бүткөрүлүп, экинчисин арматура менен кошо орнотуу үчүн бетон аралашмасы куюлууда.

2024-жылдын 24-июлунда көпүрө жараксыз абалга келгендигине байланыштуу жол тейлөө ишканасы тарабынан унаа өтө турган убактылуу көпүрө курулган. Бул убактылуу көпүрөдөн учурда унаалар өтүп жатат. Аталган көпүрө ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM