Биз менен байланышыңыз

Жайыл райондук прокурордун жардамчысы жана жактоочу пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 161 | 0

Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы адвокат аркылуу айыптоонун квалификациясын жеңилдете турган маселени оң чечкендиги үчүн пара алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп, ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган Ш.Н.Ж. аттуу жактоочу кармалган. Ал каражатты Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы О.Н.С.га кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген.

Адвокат Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен, прокурордун жардамчысы  342-берене (пара алуу) менен айыпталган.

Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышты жасоого башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM