Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кара-Балтада курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Кыска кабар | 9 Сен 2024 | 128 | 0

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарына жакын жерден ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын сакталган жайы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, ал жерден белгисиз маркадагы арааланган жылмакай мылтык — 2 даана, 1 даана (болжолдуу ТОЗ-8 маркасындагы) мылтык, 4 даана белгисиз модификациядагы тапанчалар, 7, 62х54 – калибрдеги патрондор – 39 даана (анын ичинде трассердик жана броне – тешүүчү октор), 16-калибрдеги патрондор – 15 даана, 9 мм. калибрдеги травматикалык октор-5 даана, 18х45 калибрдеги октор-4 даана, бычактар-2 даана жана 2 даана DVD– дисктер табылган.

УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун, экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM