Биз менен байланышыңыз

ДКО: Кыргызстандын көк бөрү жана көкпар боюнча атаандаштары аныкталды

Кыска кабар | 8 Сен 2024 | 84 | 0

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү жана көкпар боюнча атаандаштары аныкталды.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын жана Орусиянын командалары менен бир тайпада ойнойт. Ал эми Казакстандын улуттук курама командасы АКШ жана Түркия менен бир тайпада. Финалдык оюн эки тайпанын мыктыларынын арасында болот.

Ал эми көкпар боюнча Кыргызстан Монголия, Түркия жана Венгриянын командалары менен беттешет. Казакстан болсо Өзбекстан, Кытай, Орусия жана АКШнын командалары менен бир тайпада ойнойт.

Оюндар 9-сентябрда башталат, ал эми финалдык оюн 12-сентябрда болот. 

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын Астана шаарында өтөт. Бүгүн, 8-сентябрда ачык азами болот. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышаары айтылган.   

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM