Биз менен байланышыңыз

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров кызматтан кетти

Кыска кабар | 8 Сен 2024 | 82 | 0

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров өзүнүн арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы 6-сентябрда маалымдады.

Тойгонбай Абдыкаров бул кызматка 2021-жылы 3-июнда дайындалган. Азырынча анын ордуна ким бара турганы белгисиз.

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 5-сентябрда «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланган.

Анын жыйынтыгында жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле турган болду.

Мамлекет башчы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырды.

Жыйынтыгында бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен аталган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.

Буга чейин Мамлекеттик дин комиссиясы «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.

Документ 37 беренеден турат. Анда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган.

Ошондой эле диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM