Биз менен байланышыңыз

Бишкекте курулуш материалын саткан контейнер өрттөндү

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 101 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан эшик жана курулуш материалы сатылуучу контейнерден чыккан өрт 2-сентябрга караган түнү саат 00:14дө толук өчүрүлгөн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылган. Тилсиз жоо болжол менен 300 чарчы метр аянтты каптаган. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Copyright © 2017 Maral FM