Биз менен байланышыңыз

3-сентябрдан тарта жумуртка импортуна киргизилген чектөө алынат

Кыска кабар | 30 Авг 2024 | 137 | 0

3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 5-июнунан тартып өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз кылууга багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган.

Маалыматта айтылгандай, «Канаттуулар» ассоциациясынын кайрылуусунун негизинде ушул жылдын 3-сентябрынан тартып Кыргызстандын аймагына жумуртка алып кирүүгө (импорттоого) киргизилген убактылуу чөктөөлөрдү алып салуу демилгеленди. Азыркы учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тоок жумурткаларын өндүрүү абалы мурунку айларга салыштырмалуу кыйла жакшырды. Азыркы учурда жергиликтүү өндүрүүчүлөр көлөмү жана баа саясаты боюнча импорттук продукциялар менен атаандашууга даяр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM