Биз менен байланышыңыз

Салык органдары күчөтүлгөн иш режимине өтүшөт

Кыска кабар | 28 Авг 2024 | 93 | 0

Кыргызстандын салык органдары салык төлөөчүлөргө мүлк салыгын төлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иштин күчөтүлгөн режимине өтүшөт.

Тактап айтканда, салык кызматкерлери 29-30-август саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин иштешет.

Салык төлөөчүлөр салык органдарына кайрылып, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча консультация ала алышат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM