Ысык-Көлдө жол кыймылын жөнгө салуу учурунда унаа сүзүп кеткен автоинпектордун абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги “Маралга” билдирди.
17-август күнү кечинде кызматкерди Бишкектеги республикалык ооруканага которушкан.
«Элистан Арзыбековдун абалы туруктуу оор бойдон калууда, учурда комада ИВЛ дем алдыруучу аппарат менен жатат»,-деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Элистан Арзыбеков Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапар менен барып, кызмат өтөө учурунда (жол тыгынын жөнгө салып жатканда) «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, ооруканага түшкөн.
Социалдык тармак аркылуу Элистан Арзыбековдун жакындары, достору видео кайрылуу жасап, аны Бишкек шаарына которууну өтүнүшкөн.
Ички иштер министрлиги окуя министр Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экенин билдирген.