Биз менен байланышыңыз

Климатын өзгөрүүсү: Ички миграция 71%га өскөн

Дүйнө , Коом | 10 Ноя 2023 | 472 | 0

Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсү боюнча 28-конференция болуп өттү. Анда баардык тармактын өкүлдөрүн бир диалогго чакырып, акыркы жылдары дүйнөдө климаттын кескин өзгөрүүсүндө Кыргызстан эмнелерди жасай алат жана климаттын өзгөрүүсүнө кантип ыңгайлашуу керек экени талкууланды. Ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, министрликтер, климат, экология боюнча адистер катышып, өз пикирлери менен бөлүштү. Климаттын өзгөрүүсү кайсы тармактарга терс таасирин тийгизип жатат жана анын адам өмүрүнө кандай коркунучтар бар?

Акыркы жылдары климат дүйнөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Анткени, дүйнөдө климат тездик менен өзгөрүп, күндүн табы кескин түрдө ысып, анын кесепети көп тармакка залакасын тийгизүүдө.

Климаттын өзгөрүүсү Кыргызстанда да бир катар тармактарга зыянын тийгизип жатат. Адистер буга ыңгайлашып, мындан ары климатты сактап калуунун аракетин көрүү керектигин айтышууда.

“Жашыл альянс Кыргызстан” кыймылынын аткаруучу директору Илгиз Камаровдун айтымында, расмий маалыматтар боюнча 2050-жылга чейин калктын 4%зы, тагыраагы 200 миң адам климаттын өзгөрүүсүнөн мигрант болууга аргасыз болушат. Бүгүнкү күндө статистика комитетинин маалыматы боюнча өлкөдөгү климаттын өзгөрүүсүнөн калктын 71%ы ички миграцияга дуушар болгон.

“Миграция саясаты 2022-2030-жылдарга “экологиялык мигрант” деген түшүнүктү киргизген. Бул түшүнүктүн алкагында экологиялык миграциянын санын азайтуу, ага каршы иш-чараларды өткөрүп, бул жаатта иштеп келүүдө. Статистика комитетинин маалыматына таянсак, ушул күндөрү климаттын өзгөрүүсүнөн калктын 71%зы ички миграцияга алып келген. Албетте, бул көрсөткүч коркунучтуу, көйгөйлүү маселе. Биз тез аранын ичинде бирдиктүү бир экологиялык миграция деген түшүнүктү кеңейтип, бул жаатта жергиликтүү кеңештер менен иш алып баруубуз керек”.

Камаров ички миграциянын жогорку пайыздык көрсөткүч болгонунун себеби айыл жерлерде суу тартыштыгынан улам эгин-талааларга суу жетпей, дыйкандардын иши артка кеткендиктен аргасыздан башка жака иш издеп кетип жатканы менен түшүндүрдү.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев климаттын өзгөрүүсү адамдардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип жатканын билдирди. Анын айтымында, күн суук мезгилде өпкө ооруулары күчөсө, күн ысык кезде жүрөк-кан тамыр ооруулары күчөп жатат.

“Акыркы эки жылдан бери анализдеп, изилдөө жүргүзүп жатабыз. Климаттын өзгөрүүсү адамдардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип жатат. Көбүнчө жаш курагы өтүп калган адамдар кыйналып калууда. Акыркы жылдардагы күндүн температурасы жогору болгондуктан өлкөлдө кан басымы жогрулагандар, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандардын саны өсүүдө, ал эми күн суук болгон мезгилде өпкө ооруларынын баардык турү күчөп жатат. Биз булардын алдын алуу үчуг ар кандай профилактикалык иш аракеттерди жүргүзүп жатабыз”.

“UNISON group” фондунун директору Нурзат Абдырасулова өлкөдө акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсүнөн суу тартыштыгынан азык-түлүккө жана энергияга терс таасирин тийгизгенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө климаттын өзгөрүүсү боюнча иш-чаралар аз өткөрүлүп жатканына токтолду:

“Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүүсү орчундуу маселелрдин бири. Биз тоолу өлкө болгондугуна карабастан дүйнөдөгу күндүн ысуусу да өз  таасирин тийгизди. Күндүн ысуусунан суу маселеси, анын таасириненен өлкөдөгү азык-түлүк көйгөйүн жаратты, ан менен кошо энергетика тармагына да чоң залакасын тийгизүүдө. Биздин өлкө тоолу болгондуктан биз ошого климатын өзгөрүүсүндө ошого жараша ыңгайлашуубуз керек, пландарды иштеп чыгуубуз зарыл”.

Климат боюнча эксперт Дастан Абдылдаевдин айтымында, жашыл өнүгүүгө, климатты туруктуу кармоо үчүн жалпы коомчулук, мамлекеттик органдар жашоо образын алмаштыруу керектигине токтолду:

“Эгерде биз жашыл өнүгүү, климаттын туруктуулугун алып келебиз десек, анда жалпы коомчулук, мамлекеттик органдар баары жашоо образын кординалдуу түрдө өзгөрткөнгө даяр болуусу керек. Мисалы, коомчулук, мамлекеттик органдарда иштегендер жеке унааларды колдонбой коомдук транспотко түшүп, күнүмдүк ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө каалоосу барбы? Жаңы конуштардагы жашоочуларга шарттарды түзүп, жаңы калыбына келүүчү энергияны колдонугга аларда шарт, мүмкүнчүлүк барбы? Негизги маселелер ушулар. Жалпы айтканда коомчулук да экологияны бузуп, климаттын өзгөрүүсүнө алып келеген ыкмаларды колдонбой, жашыл экологияга басым жасаса жакшы болмок”.

Буга чейин быйылкы жайындагы июль айы тарыхтагы эң ысык ай катары катталган. Бириккен улуттар уюму муну жаңы норма деп атады. Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм катуу ысык Борбордук жана Чыгыш Европада, Түндүк Америка жана АКШда дагы да уланарын кошумчалаган. Ошондой эле, Канадада бир канча айга созулган токойдогу өрткө да быйылкы катуу ысык себеп болгону айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM