Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Жайыттардын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, мал жебей турган өсүмдүктөр басып калган

Кыска кабар | 16 Авг 2024 | 331 | 0

Министрлер Кабинети 2024-2029-жылдарга карата өлкөдөгү жайыттарды өнүктүрүү программасын бекитти. Анда деградацияланган жайыттарды жакшыртуу, климаттын өзгөрүү шарттарында жайыттарды сактоо жана жакшыртуу, ошондой эле жайыттарды натыйжалуу башкаруу аркылуу айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууну көздөйт.

Өкмөттүн маалыматтына караганда, учурда жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып калган, анын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы бар.

Жайыттарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык тиешелүү министрликтер, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине иштин жүрүшү жөнүндө маалымат берип турат, ал эми министрлик жарым жылдын жыйынтыгы боюнча жыйынды маалыматты президенттин администрациясына жөнөтүүсү керек.

Copyright © 2017 Maral FM