Биз менен байланышыңыз

16-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 15 Авг 2024 | 310 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 16-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 20…25, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 32…34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM