Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын олимпиадалык курамасы өлкөгө кайтып келди (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Авг 2024 | 452 | 0

Бүгүн, 13-августта XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келди. Аларды расмий салтанат менен «Манас» эл аралык аба майданынан тосуп алышты.

Спортчуларды маданият, маалымат, спорт жаштар жана туризм министри Алтынбек Максүтов тосуп алып, куттуктоо сөзүн айтты. Ошондой эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да сөз сүйлөдү. Учурда олимпиадалык курама атайын коштоо менен аба майдандан Усубалиев атындагы эски аянтты көздөй келүүдө.

Спортчуларды тосуп алуу салтанатынын экинчи бөлүгү саат 09:30да эски аянтта башталды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышып, спортчуларга акчалай жана баалуу белектерди тапшырышы күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM