Биз менен байланышыңыз

Париж-2024: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Кыска кабар | 10 Авг 2024 | 429 | 0

Парижде өтүп жаткан Олимпиаданын алкагында кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты.

Медет кызы чейрек финалда индиялык балбан кыз Ритика менен күрөшүп, 1:1 эсебинде жыйынтыктады. Соңку упайды Айпери Медет кызы алганы үчүн ал жеңишке жетти.

76 кг чейинки салмак категориясында, 1/8 финалдын алкагында кытайлык Ван Цзюань менен күрөшүп, аны 4:1 эсебинде жеңген.

Айпери Медет кызы бүгүн кечки саат 22:15те жарым финалдык беттешке чыгат. Анын атаандашы эми аныкталат.

Copyright © 2017 Maral FM