Биз менен байланышыңыз

Бүгүн кыргызстандык 5 спортчу беттешке чыгат

Кыска кабар | 10 Авг 2024 | 1192 | 0

Бүгүн, 10-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиаданын алкагында Кыргызстандын 5 спортчусу таймашка чыгат.

Медаль үчүн эркин күрөш жана бокс боюнча мелдештер өтөт.

10-августтун жүгүртмөсү:

Эркин күрөш:

15:00 коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеш

125 кг чейинки салмакка чени

Айаал Лазарев — Амарвир Деси (Канада);

15:30

65 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финал

Эрназар Акматалиев — Исмаил Масукаев (Венгрия);

76 кг чейинки салмак категориясында, 1/8 финал

Айпери Медет кызы — Ван Цзюань (Кытай);

23:15 коло үчүн күрөш

62 кг чейинки салмакта

Айсулуу Тыныбекова — Криста Инце (Румыния) — Анна Паула Годинез Гонзалез (Канада) беттешинде уткан спортчу менен күрөшөт;

Бокс

01:47 финал

57 кг чейинкт салмакта

Абдумалик Халоков (Өзбекстан) — Мунарбек Сейитбек уулу.

Copyright © 2017 Maral FM