Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери бир катар документтерге кол койду

Кыска кабар | 9 Авг 2024 | 277 | 0

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери катышкан VI Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров 9-августта Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышты. Иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгында өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү,  “Борбор Азия-2040” аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы, 2025-2027-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы кабыл алынды.

Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM