Биз менен байланышыңыз

Көлбаевдин тобун каржылоого байланыштуу «Тапанча» каймана аттуу ишкер кармалды

Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 381 | 0

«Мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоого байланыштуу криминалдык чөйрөдө «Тапанча» деп таанылган жеке ишкер И.Б.Б. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ишкер И.Б.Б. маркум кримтөбөл менен жакын байланышы болгону, Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аффилирленген жактар аркылуу «Голубой Иссык-Куль» жана «Кыргызское Взморье» пансионаттарына жакын жайгашкан пляждык зоналарды көп санда тариздегени такталды.

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү алууда, бир нече ишкердик субъекттерин ачууда И.Б.Б. өзүнүн социалдык статусун жана финансылык абалын жакшырткан. Ошону менен бирге, ал мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн К. Асанбектин «ууру казынасын» толуктоого байма-бай жумшаганы айтылат.

Мындан улам, 2024-жылдын 7-августунда ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш жолу менен алынган башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоого багытталган тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM