Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даярдыгын текшерди

Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 177 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жыйын өткөрдү. Ал алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыкты талкуулап, оңдоо иштеринин жүрүшү, модернизациялоо, эффективдүүлүктү жогорулатуу жана башка актуалдуу маселелерди көтөрдү.

Акылбек Жапаров борбор калаанын тургундарын кыш мезгилинде жылуулук менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн бардык системаларды жана инфраструктураны өз убагында даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Объектилерди даярдоону тездетүү, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана оңдоо иштеринин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

ЖЭБдин аймагында жайгашкан “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал өндүрүштүк жайларын карап чыгып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү маселелерине токтолду. Бул завод саатына 180 тоннага чейин продукция чыгарат.

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда болгон жумушчу жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM