Биз менен байланышыңыз

Париж-2024: Акжол Махмудов Олимпиаданын коло медалын тагынды

Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 329 | 0

Балбан Акжол Махмудов Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды.

Акжол Махмудов 77 кг салмак ченинде 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейман менен күрөшүп, 6:5 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 1/8 финалда америкалык Камал Амир Бэйди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 3:1 эсебинде утулуп калган.

Андан кийин коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгып, колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде жеңип кеткен.

Учурда өлкө куржунунда 3 медаль — 1 күмүш, 2 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов коло байге жеңди.

Copyright © 2017 Maral FM