Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын Инчхон шаарына аба каттамдарын көбөйтүү тууралуу сүйлөшүлдү

Кыска кабар | 7 Авг 2024 | 155 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Кыргызстанга иш сапары менен келген Түштүк Кореянын «Инчхон» аэропортунун аткаруучу директору Дэниел Донгик Шин менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташуу, тажырыйба алмашуу боюнча пикир алмашуу болду. Манасбек Самидинов «Манас» аэропорту дүйнөдөгү эң алдыңкы 10 мыкты аэропорттордун катарына кирген «Инчхон» эл аралык аэропорту менен кызматташуу кызыктар экенин белгилеп, Түштүк Корея менен Кыргызстан ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүүнү жана жаңы эл аралык каттамдарды ачууну сунуштады.

«Инчхон» аэропортунун аткаруучу директору Дэниел Донгик Шин Кыргызстанда алдыңкы туристтик операторлор менен жолукканын, Түштүк Кореянын жарандары Кыргызстандын жаратылышына кызыктар экенин билдирди.

Эки аэропорттун ортосунда каттамдардын санын көбөйтүүнү жана «Инчхон» эл аралык аэропортуна расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

«Инчхон» эл аралык аэропорту — Кореянын борбору Сеулдан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Инчхон шаарында жайгашкан. Эл аралык аба кыймылынын көлөмү жана учактардын учуп-конуу саны боюнча эң ири авиациялык борбор жана дүйнөдөгү эң чоң аэропорттордун бири.

«Инчхон» аэропорту 2020-жылы Skytrax World Airport Awards сыйлыгынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү ТОП-10 эл аралык аэропорттордун ичинде төртүнчү орунду ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM