Бишкек шаарынын мэриясы Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулардын оюндарын көрүү үчүн атайын аянтчалар уюштурду.
5-августтан 11-августка чейин “Дордой Плаза” соода борборунда кечки саат 22:00гө чейин Олимпиадалык оюндарды көрүүгө болот.
Ал эми саат 22:00дөн кийин Чыгыш-5 кичирайонунун Арбат скверинде көрсөтүүлөр уюштурулат.
11-августка чейин “Ынтымак-2” сейил багынын амфитеатрында оюндарды түз алып көрсөтүү уюштурулат.
Ошондой эле «Азия Молл» соода борборунда да оюндарды көрүүгө шарт түзүлөт.
Бишкектин Биринчи май районунун аймагында 6-августтан 11-августка чейин Т.Усубалиев атындагы аянтка LED экран орнотулат. Эфир күн сайын саат 21:00дөн 01:00гө чейин болуп, мелдештин бардык негизги учурларын көрүү мүмкүнчүлүгү болот.
Мэрия спортчуларды чогуу колдоого чакырат.
Париж-2024: Бүгүн эки кыргызстандык балбан килемге чыгат