Биз менен байланышыңыз

Бишкекке жакын жерде курулуп жаткан үйдөгү 300дөн ашык батир мамлекетке өттү

Кыска кабар | 1 Авг 2024 | 409 | 0

Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылындагы «Н» контурунда жайгашкан аянты 3,08 га жер участогунун ээлеринин бири тарабынан алдамчылык аракеттери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жер тилкесинин тең ээси болгон эки жаран УКМКнын дарегине арыз менен кайрылып, 2007-жылы Б.С. аттуу жаран менен биргеликте жер тилкесин сатып алышканын билдирген.

Келишимге ылайык, жер тилкеси Б.С.нын атына катталып, бирок иш жүзүндө үч жаран тең бирдей үлүшкө ээ болгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жер тилкеси трансформацияланган жана өзүнчө лоттор менен сатылган “Аламүдүн” токой чарбасынын жерлерине таандык экени аныкталган.

Бул факты боюнча жер которуунун жана бөлүп берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча буга чейин кылмыш иши козголгон.

Жогоруда аталган Б.С. аттуу жаран башка үлүш ээлери менен макулдашуусуз эле бардык жер участогун турак жай комплексин куруу үчүн курулуш компаниясына сатып жиберген.

Компания келишим түзүп, ага ылайык, Орто-Сай айылындагы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексиндеги 18 000 чарчы метр турак жай аянты акыркы болуп эсептелген.

Мындан улам, жер тилкесинин үч ээсинин катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Б.С. зыяндын ордун толтуруунун эсебинен жабыркаган эки жарандын пайдасына 18 000 чарчы метрди жерди берди.

Арызданган жарандар адилеттүүлүктү орнотуп, мүлкүн кайтарып алууну гана каалашканын белгилешкен. Бул жагдайды эске алуу менен жана курулуш компаниясынын иш-аракеттеринин ак ниеттүүлүгүн түшүнүү менен үлүш ээлери 3000 чарчы метрди компенсация катары алууну билдиришип, калган 15000 чарчы метрди өз ыктыяры менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришти.

УКМК билдиргендей, 15 000 чарчы метр турак жай аянты 300дөн ашык батирди түзөт, алар 15 млн. АКШ долларына бааланып, болжол менен 1 млрд. 260 млн. сомду түзөт. Аталган турак-жай аянттарын Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берүү пландалууда.

Азыркы учурда аталган жер участогунда алынган долбоордук-уруксат берүүчү документтерге ылайык көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Үйлөрдүн курулушун жакынкы эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM