Биз менен байланышыңыз

Сентябрга чейин мүлк салыгын төлөө керектиги эскертилди

Кыска кабар | 1 Авг 2024 | 177 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин транспорт каражатына, турак үй, батирге, үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыкты төлөө керектигин эскертти.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айыппул салынат. Ошондой эле, ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндө туум кошулат.

Мүлк салыгын мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм терминалдары, банктардын кассаларынан жана почта бөлүмдөрү аркылуу онлайн төлөсө болот.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM