Биз менен байланышыңыз

Кытай сентябрдан тарта дрон экспортун чектейт

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Авг 2024 | 324 | 0

Кытай 1-сентябрдан тарта аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон бардык дрондордун экспортуна тыюу салат. Бул тууралуу өлкөнүн Соода министрлигине таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

«Мындай чечим массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууда дрондорду колдонууга жол бербөө максатында кабыл алынды. Мындан тышкары визуализацияда пайдаланылуучу инфракызыл жабдуулар, бутаны көрсөтүүчү лазерлер жана так инерциялык өлчөө жабдуулары да экспорттук көзөмөлдүн тизмесине киргизилет», – деп жазылган маалыматта.

Министрликтин бул билдирүүсү АКШ менен өнөктөштөрү Кытайды Орусияга аскердик товарларды «жеткирип жатканы үчүн» сынга алып жаткан маалда жасалды.

31-июлда АКШнын Каржы министрлигине караштуу Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Ирандын баллистикалык ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар программасы үчүн негизги компонеттерди сатып алууга жардам берип жаткан компаниялар менен жеке жактарга, анын ичинде кытай компанияларына санкция салган.

НАТО лидерлеринин июлдун башында жарыяланган биргелешкен декларациясында Орусиянын Украинага каршы согушунда Кытай «чечүүчү фактор» экени, анткени Бээжиндин Москва менен «чексиз» өнөктөштүгү жана анын «Орусиянын коргонуу өнөр жай базасын кеңири масштабда колдоосу» – Москвага согушту улантууга мүмкүндүк жаратып жатканы белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM