Биз менен байланышыңыз

Селден келтирилген зыян 1 млрд сомдон ашты, дагы көбөйүшү мүмкүн

Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 321 | 0

Кыргызстандын аймагында жыл башынан бери 311 сел кырсыгы катталды. Сел кырсыктарынан улам келтирилген материалдык чыгым 1,1 млрд сомду түзүүдө.

Бул тууралуу 25-июлда өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдагы сел кырсыктарына салыштырмалуу 50%га көп.

Учурда Ош шаарында, Ош облусунда жана Базар-Коргон районундагы акыркы болгон селден кийинки чыгымдар эсептелип бүтө элек, аны кошкондо жалпы сумма дагы көбөйүшү мүмкүн.

Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондоруна, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай, Баткен райондоруна, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Аксы райондоруна, Талас облусунун Талас районуна өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, кесепеттери жоюлгандан кийин режим алынган.

Учурда өзгөчө кырдаалдар режими Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сакталуу.

Copyright © 2017 Maral FM