Биз менен байланышыңыз

Сузакта «Көк-Арт» чакан ГЭСи ачылды

Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 369 | 0

Президент Садыр Жапаров 22-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.

ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 7,8 млн АКШ долларын түзөт. Бул сумманын жарымы Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун бөлүнгөн, калган сумма жеке инвестордун салымы болгон.

Өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын камсыздайт.

Президент “Бала-Саруу” ГЭСи, “Ысык-Ата” чакан ГЭСи ишке берилгенин, “Токтогул” ГЭСинин экинчи агрегатын жана “Үч-Коргон” ГЭСинин төртүнчү агрегатын ишке киргизүү пландаштырылганын билдирди.

“Исфайрам-1”, “Белес”, “Авлетим”, “Лейлек”, “Курак-Тектир”, “Адын-Үңкүр”, “Буйга”, “Кожо-Кайыр”, “Кара-Жыгач”, “Ленинполь” жана “Аманат” ГЭСтери да ишке кирүү алдында турат. Аталган ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 140 мегаваттка жакын болот.

Президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун да айтып, ага инвесторлор табылганын, суу байлыгын туура, үнөмдүү пайдалануу менен жакынкы келечекте өлкө өндүргөн электр энергияны экспорттоп баштай турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM