Эртең, 20-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Баткенде түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл блусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27.
Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.