Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы зомбулукка кабылган кыз-келиндерден даттануу көбөйгөнүн билдирди

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 253 | 0

Акыйкатчы институту акыркы учурларда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган келиндерден даттануулар көбөйүп жатканын билдирди.

Коомдо резонанс жараткан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыз-келиндерге аяр мамиле кылууга үндөгөн кайрылуу жасады.

“Алар кордолуп, укуктары бузулуп, аянычтуу тагдырга туш келип жатышат. Ошону менен катары эле, элибизде орчундуу көйгөй жараткан келин менен кайын журттун ортосундагы ажырымды бириктиришибиз керек. Кээ-бир үй-бүлөлөр ичинде кайын журттун кийлигишүүсүнөн жаш жубайлар ортосунда чыр-чатак чыгып, айрым учурларда келиндер өз жанын кыйууга барышууда. Ошол себептен тиешелүү мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укуктарын коргоо жаатында кечиктирилгис чараларды көрүшү зарыл ”, — деди акыйкатчы.

Акыйкатчы институту зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга карата изилдөө жүргүзүп, мындай тагдырлар күн санап өсүп жатканына тынчсызданууда. Изилдөөнүн жыйынтыгында, бул багытта иш алып барган мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча Министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жолдоду.

Бүгүнкү күндө Акыйкатчы институту Айтурган Маматкулованын жакындарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүү чараларын көрүп жатканы кабарланды.

Башкы прокуратура Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти тергөөнү көзөмөлүнө алган. Кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилери айтылат.

25 жаштагы келин 7-июль күнү ооруканада каза болгону кабарланган. Анын жолдошу жубайы өз өмүрүнө кол салганын айтууда. Туугандары болсо Айтурган Маматкулова киши колдуу болду дешүүдө.

Кыздын апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн билдирген. Кыздын жакындарынын айтымында, анын денесинде гематомалар байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM