Биз менен байланышыңыз

Ташкент: Президенттер кыргыз-өзбек ишканаларын онлайн ачышты

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 382 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен долбоорлорун онлайн ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Эки өлкө лидерлери Кыргызстанда коммерциялык техниканы жана жеңил унааларды чогултуучу заводду расмий түрдө ишке киргизишти. Аймактын аянты 4,7 гектарды түзөт. Завод 500 адамды иш менен камсыз кылат.

Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы кездеме жана тигүү-трикотаж буюмдарын чыгаруучу заводу ишин баштады. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 17 миң тонна трикотаж кездеме жана 7 миллион даана трикотаж продукциясын чыгарууга эсептелген.

Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясы менен Кыргыз Республикасын камсыз кылуу максатында Өзбекстан Республикасынын Фергана жана Наманган облустарында ар биринин кубаттуулугу 200 МВт болгон эки фотоэлектр станциясынын курулушу башталды.

Президент Садыр Жапаров 18-июлда Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент шаарында тар жана кеңейтилген курамда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүү өткөрдү.

Садыр Жапаров Ош облусунун Ноокат районундагы суу ташкынынан жабыр тарткан кыргызстандыктарга жөнөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, азыркы учурга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланганын, биргеликте келечекке жаңы пландар белгиленгенин айтты.

Мамлекеттик чек ара маселелери чечилгени, экономика, энергетика, транспорт, гуманитардык жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлор жигердүү илгерилеп жатканы айтылды.

Жапаров эки өлкөнүн өкмөттөрү жакынкы жылдары өз ара сооданы эки эсе көбөйтүү максатын койгонун кошумчалады. Биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын Кызматташтык кеңеши аймактар ортосундагы кызматташтыкты арттырууга багытталган.

Кыргызстан Өзбекстан менен чек араны демаркациялоо процессин тез арада аяктоого жана эки тараптуу мамилелерди Союздаштык деңгээлине чыгарууга кызыкдар экенин айтты.

Кыргызстандын президенти боордош Өзбекстан менен соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Бир күн мурда өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча жетишилген бардык макулдашууларды, кол коюлган келишимдерди тараптардын өкмөттөрү ийгиликтүү ишке ашырарына ишенимин билдирди.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ичинен мамлекет башчысы Чүй облусундагы жеңил унааларды жана айыл чарба техникасын чогултуучу заводду, ошондой эле текстиль фабрикасын атады.

Президент Камбар-Ата ГЭС-1, Чаткал дарыясындагы ГЭС, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, “Чаткал-Ташкент” багытындагы автожолдор жана башкалар боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, транспорт жана логистикалык өз ара аракеттенүү, туризм ж.б.маселелер талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM