Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилиши жабылды

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 154 | 0

Бүгүн, 18-июлда Бишкектеги Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жана жол кесилиши ачылат.

Ал эми Абдрахманов көчөсүнүн Киев менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Ошондой эле, Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Мэриядан билдиришкендей, учурда Бишкектеги Байтик Баатыр/Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.

20-августка чейин Ахунбаев көчөсүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, ошондой эле Абдрахманов көчөсүн Аалы Токомбаевден Жибек Жолуна чейин бүтүрүү пландалып жатат.

18-июлда Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгүн жарым-жартылай жабылып, оңдоо ишин 20-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка чейинки бөлүгүндөгү иштерди аяктоо 10-15-октябрга чейин пландалып, мөөнөт проспектинин узундугун жана туурасын, ошондой эле аба ырайынын шарттарын эске алуу менен белгиленген.

Ошондой эле 16-июлда биринчи этап менен Юнусалиев көчөсү Сухэ Батор көчөсүнөн Сүйөркуловго чейин жабылды. Капиталдык оңдоо иштери Сухэ Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин пландалууда.

Ал эми Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин Горький көчөсүн бойлой капиталдык оңдоо иштери пландалууда.

Курулуш мезгилин рационалдуу пайдалануу максатында көчөлөрдүн айрым участоктору бекитилген графиктен эрте жабылган. Мэрия ремонт иштери графиктен 18-20 күн алдыда жүрүп жатканын билдирет. Иштин жүрүшүн такай көзөмөлдөө максатында жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө онлайн камералар орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM