Биз менен байланышыңыз

УКМК Ташиевдин бажасынын кармалышы боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 844 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 17-июлда алдамчылык фактысы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат акыркы учурда айрым жарандар тарабынан жогорку кызматтагы адамдар менен тааныштыкка жана үй-бүлөлүк мамилелерге жамынып, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барган учурлар көп катталып жатканын билдирди.

Бирок бийлик мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан жок кылууну көздөй турганы айтылат.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин А.Т.О. аттуу бажасы тергөөнүн жүрүшүндө Түркиянын жараны А. С. менен өз ара тил табышып, алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен жергиликтүү ишкерлердин биринин ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкандыгы аныкталган. Жабырлануучу тарап арыз менен УКМКга кайрылган.

Мындан улам, бардык күнөөлүү адамдардын аракеттерине объективдүү иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү тапшырмасы берилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында А.Т.О. жана А.С. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, анын алкагында жабырлануучу тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.

УКМК мындай фактыларга бөгөт коюлуп, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын эскертет. Ошондой эле, жарандарды мыйзамдардын алкагында зарыл чараларды көрүү үчүн атайын кызматка  тиешелүү маалыматтарды билдирүүгө чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM