Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында 528 батирлүү ипотекалык үй курулат

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 174 | 0

Ош шаарынын Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жалпы аянты 1,3 гектарды ээлеген жерге 12 кабаттан турган 8 үй курулат. Батирлердин жалпы саны 528ди түзөт. Курулуш мөөнөтү бир жарым жыл.

Турак жай комплексинде спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлары жана соода дүкөндөрү болот.

Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Учурда өлкө боюнча 12 миң 659 батирдин курулушу жүрүп жатат.

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат.

Жогоруда аталган турак жай программанын алкагында 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM