Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Ташиевдин жакындары кармалганы расмий тастыкталды

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 816 | 0
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кармалганын тастыктады.

Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришерин айтты. Ошондой эле жогорку бийлик мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгын белгиледи.

“Бир нече маалымат сайттары Президент Садыр Жапаровдун жана МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты. Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришет. Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет.

Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат” , — деди маалымат катчы.

17-июлда президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров кайра кармалганы кабарланды. Бишкектин Биринчи май райондук соту Ж.У.Р аттуу жаран 19-августка чейин камакка алынганын тастыктады.

Соттун маалыматына караганда Улан Жапаров Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесине (“Алдамчылык”) менен шек саналып кармалган.

Президенттин тууганы Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деген шек менен 2023-жылы июлда кармалган. Кийин октябрь айында үй камагына чыккан.

Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганы маалымдалып, А. Т. О. аттуу жаран соттун чечими менен  11-августуна чейин камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM