Биз менен байланышыңыз

Алдамчылык боюнча кармалган адам Ташиевдин бажасы экени айтылууда

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 299 | 0

Sputnik маалымат агенттиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалганын 17-июлда жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, А. Т. О. аттуу жаран алдамчылыкка шек саналып кармалган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган А.Т.О. аттуу жаран ушул жылдын 11-августуна чейин камакка алынганын билдирди. Бирок сот кармалган адам УКМК төрагасына кандай жакындыгы бар экенин тактаган жок.

«Сотко берилген материалдар боюнча, А.Т.О. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасаган, башкача айтканда, оор кылмыш жасаган деп айыпталып, жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM