Биз менен байланышыңыз

Төрт айда 105 миң 500 бала мектепке онлайн катталды

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 232 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 8-апрелинен 16-июлуна балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына өлкө боюнча 105 миң 517 бала катталганын маалымдады.

Анын ичинен Ош облусу боюнча 19 126 бала катталды, Жалал-Абад облусунда 18 965 бала, Чүй облусунда 17 590, Баткен облусунда 10 388, Ысык-Көл облусунда 8182, Нарын облусу боюнча 4805, Талас облусунда 4372, Бишкек шаарында 15 993, Ош шаары боюнча 6096 бала катталды.

Учурда жашаган жери боюнча mektep.edu.gov.kg платформасында 6-7 жаштагы балдарды мектепке онлайн каттоо жүрүүдө.

Каттоо 30-августка чейин созулат, балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөрү каттай алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM