Биз менен байланышыңыз

Сокулукта мыйзамсыз иштеген диний мекеме жабылды

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 134 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында каттоодон өтпөгөн жана эч кандай документтери жок диний билим берүү мекемеси аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, медресенин ишмердүүлүгүн мекемелер аралык комиссия комплекстүү текшерип, жыйынтыгында дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгы аныкталды.

Текшерүү маалында медреседе атайын окуу программасы жок башка аймактардан келген 12 жаштан 15 жашка чейинки 7 бала билим алып жатканы такталды.

Учурда медресенин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди, ал эми мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү уюштуруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүндө «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу» боюнча каралган санкциялар колдонулууда.

УКМК балдарын диний окуу жайларга жөнөткөн ата–энелерди  медреселердин мыйзамдуулугун алдын ала текшерүүгө, анын ичинде эсептик каттоого алуу, тийиштүү уруксат, лицензия жана белгиленген окуу программасынын бар-жоктугун текшерүүгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM