Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалал-Абадда 600дөн ашуун жер тилкеси мыйзамсыз берилген

Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 208 | 0
УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жеке турак жай куруу үчүн 600дөн ашуун жер тилкесин берүүдө коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын жана Э.Алиев айыл аймагынын балансында турган 80 гектар жер тилкесин өткөрүп берүүдө жер тилкелери трансформацияланган эмес.

Ноокен районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу адамдары Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттары сүйлөшүп алып, 2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз жер тилкелерин жана кызыктар жактарга укук берүүчү документтерди берип келишкен.

Жогорудагы жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлер категориясына кирери жана жеке турак жай курууга багытталган эмес.

Быйыл 13-июлда Жалал-Абад облусунун  Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы О.А., Ноокен райондук  “Кадастр” мекемесинин адистери жана жетекчиси  М.Ж., С. Б., О.Д., Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин  башчысы Ш.А., Кочкор-Ата шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Д.Б. кармалды.

Учурда комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM