Ош электр тармактары ишканасы тейлеген Ош облусунда жана Ош шаары боюнча селден жабыркаган аймактарында энергообъектилерди оңдом-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда селдин кесепетинен улам жараксыз абалга келтирилген мамычалар, аба чубалгылары жана көмөк чордонду кабылына келтирүү иштери аткарылууда.
Кара-Суу, Ноокат райондорундагы жана Ош шаарындагы сел алып кеткен электр тирөөчтөрүн тезинен калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Кара-Суу району боюнча селдин кесепетинен жалпы 7500 абонент жарыксыз калса, азыркы саатка карата 5600 абонентке жарык берилди.