Эртең, 16-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, кээ бир райондордо жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30 градус болот.