Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Трампка кол салууну айыптай турганын билдирди

Кыска кабар | 14 Июл 2024 | 318 | 0

Президент Садыр Жапаров АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трампка кол салуу аракетин кескин айыптай турганын билдирди.

Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

«Талапкер жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка Пенсильванияда шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм. Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез айыгуусун каалайм», — деп айтылат билдирүүдө.

Дональд Трамп Пенсильванияда шайлоо өнөктүгү учурунда сөз сүйлөп жаткан жерде ок атылды. Трамптын сөзү токтотулуп, бети канжалаган абалда аянттан чыгарылган.

BBC орус кызматынын маалыматына караганда, ок аткан киши набыт болуп, дагы бир адам каза тапканы айтылууда. Ок Трамптын оң кулагына тийген.

Республикачылардын президенттикке талапкери алдыдагы ноябрда боло турган шайлоодо чечүүчү күч болгон Пенсильвания штатындагы Батлер шаарында тарапташтарынын алдында сүйлөп жаткан.

Трамптын артында плакаттар менен анын тарапташтары турган. Тараган видеолорго караганда, Трамп АКШдагы мыйзамсыз мигранттардын саны тууралуу айтып жатканда ок атылган.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Трампка ок аткан адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин билдирди.

Маалыматтарга караганда, Крукс Пенсильвания штатындагы Бетел Парк шаарынан болгон. Бул шаар Трампка кол салуу болгон Батлер шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Активдүү иликтөө уланып жатат жана тергөөгө жардам бере турган маалыматы бар адамдардан онлайн режиминде сүрөттөрдү же видеолорду тапшыруу сунушталат», — деп айтылат билдирүүдө.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM