Биз менен байланышыңыз

Ноокатта 275 орундуу мектептин курулушу башталды

Кыска кабар | 13 Июл 2024 | 165 | 0

Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагынын Кулуштан айылындагы Кулуштан орто мектебинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, Ноокат районунун акими Жакыпбек Субагожоев, Ош облустук ишки иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Ахунов, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Осконалиев жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Билим уясы эки кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкташкан. Курулуштун сметалык баасы 150 млн сомду түзүп, курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып , мамлекет тарабынан курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM