Биз менен байланышыңыз

Ноокатта 4 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 13 Июл 2024 | 130 | 0

Ноокат районунун аймагында төрт социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алсак, Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү №28 «Абшыр-Ата» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, Арык-Тейит айылындагы милиция кызматкерлеринин аймактык таяныч пунктунун имараты жана Кулуштан айылына курулган «Кулуштан казы» аркасы пайдаланууга берилди. Ошондой эле Абшыр-Ата айылындагы «Жаша балалык таңы» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалынын имараты оңдоодон өткөрүлүп, ишке берилди. Анда балдарды тарбиялоого толук шарт түзүлгөн.

Иш чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары К.Айтибаев, Ноокат районунун акими Ж.Субагожоев, Ош облустук ишки иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Ахунов, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Осконалиев жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM