Биз менен байланышыңыз

Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 12 Июл 2024 | 231 | 0

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан кабарлашты. Жүргүзүлгөн текшерүүдө Балыкчыын автовокзалы жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура мыйзамсыз менчиктештирип алган жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгартуу үчүн сотко доо арыз келтирип, кароонун жыйынтыгында сот органдары тарабынан жараксыз деп табылган.

Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап киргизилип, Балыкчы шаарынын Абдрахманов №17 Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,67 га болгон автовокзал мамлекетке кайтарылды. Анын орточо базар баасы 85 млн 501 миң сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM