Биз менен байланышыңыз

Нурдан Орунтаев «Асман» шаары куруларына ишенерин айтты

Кыска кабар | 12 Июл 2024 | 782 | 0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкекте 12-июлда өткөн брифингде «Асман» шаарынын курулушу кайсы этапта экенин айтты.

«Мен шаар курулат деп ишенем. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бизде инвестиция бар. Инвесторлор азыртан эле инвестиция сала башташты. Бул долбоорго көптөгөн инвесторлор кызыкдар, демек акча да бар», — деп ишендирди Орунтаев.

«Асман» шаарын курууга канча убакыт кетет деген суроого жооп берип жатып, бул көп жылдык курулуш экенин, азырынча аяктоо мөөнөтүн айтуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Учурда жер тилкелерин бөлүштүрүү, пландоо, инженердик курулуштарды куруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Ысык-Көлдөгү «Асман» эко-шаарынын курулушуна 2023-жылдын 30-июнунда капсула салынган. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет элдик инвесторлор катышкан.

Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат деп айтылган.

«Асмандын» курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM