Биз менен байланышыңыз

Опузалап акча алууга шектелген «жалган» милиция кызматкери кармалды

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 407 | 0

Опузалап акча алууга шектелген “жалган” милиция кызматкери жана сойкукананын уюштуруучусу болгон шериги кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

ИИМге Э.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын биринин милиция кызматкери катары өзүн тааныштырып, 35 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган адамга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча иш козгоду.

Такталган маалыматка ылайык, Э.Ж. аттуу жаран Бишкектеги сауналардын биринде белгисиз зат менен башын айландырып, интим кызматы үчүн 35 миң сом талап кылышканын айткан. Күрөө катары унаанын ачкычын жана арыз ээсинин документтерин алып калышкан.

Эртеси арыз ээсинин телефонуна бирөө чалып, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, кыздардын кызматы үчүн деп 35 000 сом талап кыла баштаган. Ал күн сайын телефон чалып, акча талап кылып, коркутуп 5000 сом алып койгон.

10-июлда Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, талап кылынган акчанын 20 000 сомун алып жатканда 1996-жылы туулган Р.К. аттуу жаран кармалды. Жеке тинтүүдө шектүүдөн арыз ээсинин документтери алынган.

Кармалган жаран буга чейин бир нече жолу алдамчылык менен соттолгон, Ички иштер органдарына тиешеси жок экени аныкталган. Бул ишке байланыштуу издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы элиталык үйлөрүнүн бир батиринде 4 кыз интим кызматын көрсөткөн сойкукана табылды. Ал кыздардын бири жашы жете элек болуп чыкты.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Сойкукананын уюштуруучусу 2004-жылы туулган М.М. кармалды. Учурда мындай кылмыштардын колдоочуларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM